Каска (испанча саsсо – баш сөөк, туулга) – адамдын башын калкалоочу атайын баш кийим. Башты снаряд чачырандысы, ок, таш жана башка нерселерден сактайт. Касканы аскерлер, өрт өчүргүчтөр, курулушчулар, жер астында иштегендер киет. Каска металлдан, лакталган булгаарыдан, пластмассадан жана башка материалдан жасалат. Ал коло доорунда пайда болуп, азыркыга чейин бардык өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү