Катмарлануу – тоо тектеринин катталышы, бир нече кабаттын ирети менен орун алышы. Чөкмө тектер менен жанар тоо тектери аралаш жайгашып, жалпы катмарды пайда кылышы мүмкүн. Ар бир кабат литологиялык курамы, өңү-түсү, түзүлүшү менен айырмаланат. Катмарга айлануу процесси ирети менен жүрөт. Мындай көрүнүш физикалык-географиялык шартка байланыштуу. Кабаттар астынкы жана үстүнкү беттерден турат. Ар бир кабат беттелиши менен бөлүнөт. Адегенде чөкмө тектер түз, тегиз, горизонталдуу орун алат. тектоникалык кыймыл мындай катмарларды ийип чоёт, бүктөйт же ары-бери, өйдө-төмөн жылдырат, сындырып жарат. Мурдагы тартиби бузулат. Кээде катмарлар жарыш же кыйгач орун алат. Эгерде кабаттын калыңдыгы 1 мм болсо, аны микро, 1–5 мм – эң жука, 5 мм жука, 1–10 см орто, 1 мден ашыгы калың кабат же катмар деп аталат. Чөкмө тектердин тынымсыз чөгүшүнөн калың, өзгөрүшүнөн жука катмарланат. Кокустан тектер чөкпөй калса, анда геологиялык тыныгуу деп аталат. Натыйжада кийинки чөкмөлөр туура эмес жайгашат. Бурчтук туура эмес орун алуулар жүрөт. Айрым учурда конгломерат орун алат. Кээде мурдагы катмардын үстүн суу жеп, жемирип, эзип эритип, тегиз болбой толкун сыяктанып калат. Чөкмө тектердин катмарлануу тартибин изилдеп, ошол кездеги физ.-Географиялык шартты, геологиялык абалды, жаныбарларын, өсүмдүктөрүн, тектоникалык кыймылдарды аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү