Качиндер – азыркы хакастардын курамындагы этностук топ. Өздөрүн «хаас» же «хааш» деп аташат. Енисей кыргыздары 1703-жылы Жуңгарияга көчүрүлгөндө Крас-ноярга жакын Хум-Тигей деген жерде жашаган Качиндер «Кыргыз өлкөсүнө» келишип, сүргүндөн аман калган калк менен жуурулушуп кетишкен. Айрым санжыралык маалыматтарда моңгол ханы өз кызын кыргыз беги Өжен бекке (Еренак-бек) күйөөгө бергенде Качиндерди энчи катары бергендиги айтылат.

Качиндер (1889).

Качиндердин уруулук курамында кездешкен «хасха», «бурут», «хыргыс», «ызыр» уруулары байыркы кыргыз уруулары катары белгилүү. Уруулук эн тамгалары да теңиртоолук кыргыз урууларынын тамгалары менен дал келет.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү