Кашкелең ашуусу

Кашкелең, ашуусу‎»‎ барагынан багытталды)

Кашкелең ашуусуИле Ала-Тоосунда, Каскелең суусунун алабында жайгашкан. Алматы облусун Чоң-Кемин өрөөнү менен байланыштырат. Бийиктиги 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 400—500 м. Негизинен протерозой жана палеозойдун гранит, сиениттеринен турат. Ашуу аркылуу 1856-ж. саякатчы жана географ П. П. Семенов-Тяньшанский өткөн. Июнь — сентябрь айларында жол ачылат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2