Квадруполь (латынча quadrum – төрт бурчтук жана грекче pоlos – полюс) – заряддалган бөлүкчөлөрдүн электр заряды тең салмактуу болгон системасы. Ал бири биринен а аралыгында жайгашкан, диполдук моменттери карама-каршы, чоңдугу бирдей эки диполдун системасы катары каралат. Квадруполдун негизги мүнөздөөчү чоңдугу – анын квадруполдук моменти (Q). Заряддалган бөлүкчөлөр системаларынын өз ара аракеттешүүсү системада квадруполдук моменттин бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Эгерде системанын заряды же диполдук моменти нөлгө барабар эмес болсо, анда квадруполь өз ара аракеттешүүнү эсепке албаса болот. Себеби анын чоңдугу электрстатикалык жана диполдук өз ара аракеттешүүдөн бир канча эсе кичине. Бул аракеттешүү атомдордун алыс аралыкта аракеттешүүсүндө чоң мааниге ээ. Анын энергиясы аралыктын өсүшү менен 1/R5 катышында кичирейсе, ошол эле мезгилде диполдук өз ара аракеттешүү энергиясы 1/R6 катышында азаят. Ошондуктан квадрупольдук өз ара аракеттешүү чоң аралыкта орчундуу мааниге ээ, ошондой эле ядролук физикада ролу чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү