Келанг – Малайзиядагы шаар. Селангор штатында (султанат). Малакка жарым аралынын жээгинде, Инди океанындагы Малакка кысыгына Келанг дарыясына куя бериште жайгашкан. Өлкөнүн борбору Куала-Лумпурдан 30 км түштүк-батышта. Калкы 1,1 млн (2008). Борбордук шаар агломерациясынын курамына кирет. Куала-Лумпурдун деңиздеги аванпорту, өлкөнүн эң ири деңиз порту (2005-жылы 110 млн тонна жүк ташылган ). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Шаар 1643-жылы негизделген. 1874–80-жылы Малаккадагы Британия администрациясынын борбору. Музей (1984), Королдук сүрөт галереясы (1999), «Крис» монументи (1985), РажаМахади фортунун калдыктары, Селангор султанынын резиденциясы (ак сарайы) бар. Химиялык, жеңил, кара металлургия, машина куруу жана металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү