Келдике "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Каңгай уруусунун мыктыларынан. Аскер башчысы. Манас менен барып Тейиш кандын тоюна катышат. Манас Орго канды жеңгенден кийин Акунбешимге каршы жоого аттануу кеңешине да чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 94).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4