Кендин ачык казмасы – кендерди жер үстүнөн казып алуу ыкмасы. Биздин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып алган. 1941–45-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кендерди ачык түрдө казып алуу иштери өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механикалаштырылган. Кенди ачык казып алууда металлга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан казып алууга караганда көмүр 2,5–3, кен таш 1,5–2 эсе арзан болот. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 20 эсе жогорулайт. Кендин ачык казмасы төмөнкү этаптарга бөлүнөт: кен казып алууга даярдык көрүү, кенди кургатуу, тоо-кен жана капиталдык курулуштарды куруу, кендин үстүн ачуу, тазалоо, казылгандарды ташуу, тереңдикке үңүлүп кирүү, механизмдерди ишке киргизүү. Мындан тышкары кошумча иштер (тектирлерди тазалоо, жол салуу жана оңдоо, суу жана камсыз кылуу ж. б.). Бургулоо, жардыруу, үңүлмө казуу, жүктөө, ташуу, талкалап майдалоо, экскаватор, скрепер, жүктөгүч, бульдозер, гидромеханикаларды пайдалануу, циклдүү, циклдүү-потоктуу, потоктуу иштердин негизинде Кендин ачык казма ыкмасы кен байлыктарды үнөмдүү, коромжусуз жана кырсыксыз казууну камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү