Кенжакунов Марат (22.7.1941-ж.т., Нарын району, Дөбөлү айылы) — юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (генерал-майор), СССР Прокуратурасынын ардактуу кызматкери (1991).
1966-ж. КМУнун юридика факультетин бүткөн.
1959-61-ж. Нарын облсотунда кылмыш иштери боюнча коллегиянын катчысы, 1966-69-ж. Кемин прокуратурасында тергөөчү, 71-ж. Кыргызстан КП Кемин райкомунда инструктор, 1971-75-ж Токмок шаарынын прокурору, 1975-79-ж. Республиканын прокурорунун, 1979-83-ж. Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 1983-86-ж. Кыргызстандын транспорт прокурору, 1986-92-ж. Биринчи Май райондук, Бишкек шаардык прокурорлорунун улук жардамчысы, бөлүм начальниги, Бишкек шаардык прокурорунун орун республиканын прокурорунун 1-орун басары, 1994-96-ж. Ысык-Көл облусунун, 1996-жылдан Бишкек шаарынын прокурору. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.