Кен байлыктар бассейни
Кен байлыктар бассейни – тоо тектеринин белгилүү бир формациясы менен байланышып, узак аралыкка катмар түрүндө созулуп жаткан чөкмө кендер. Өз ичинен көмүрлүү бассейндерге (Кузбасс, Донбасс, Печора, Иркутск, Өзгөн, Кара-Кече жана башка), нефть газдуу бассейндерге (Франциядагы Аквитин бассейни, Персия булуңу жана башка), туз бассейндерине (Соликамск, Иркутск жана башка), темир кендүү бассейндерге (Кривой Рог, Керч, Жетим жана башка), гидрогеологиялык бассейндерге (жер астындагы суулар) бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9