Кен калдыгы – пайдалуу кендерди жер астынан казып алууда баланстык запастын өндүрүлбөй калган бөлүгү. Жалпы шахталык жана эксплуатациялык калдыктардан турат. Жалпы шахталык калдыктарга казма арасында калтырылган мамылар, капиталдык иштердин чет-жакалары, скважиналар, шахта талааларынын чегиндеги тосмо мамылар, туракжайлар, техникалык жана чарбалык курулуштар, коммуникациялар, суу каптаган жерлердин, корукчалардын алдында калган кендер кирет. Эксплуатациялык калдыктарга массивдеги (казмалардын арасындагы мамылар, үстүнкү жана астынкы капталда калгандар, кендин ичкерип, жукарып кеткен бөлүктөрү, өрт чыккан, суу толгон, ураган участкалар, тектоникалык жаракалар) жана массивден тышкары (курамында кен өтө аз кездешкен тектер, көмүлгөн, суу толгон, талкаланып ураган участкалар, жүктөөчү, ташуучу, жыюучу, сорттоочу жерлердеги) калдыктар кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү