Кен таштуу аймак - ири тектоникалык түзүлүштөрдө (антиклинорий, синклинорий, ортоңку массив, калкан, синеклиза, терең жарака ж. б.) кездешүүчү, бир түрдүү генезистеги, бир же бир нече кен таш кендери орун алган аймак. Бир топ Кен таштуу аймак биригип, кен таштуу провинцияны түзөт. Бүктөлүүлөр кездешкен жердеги тектоникалык терең жаракалар жана байланышта болуп, узатасынан созулган кен таш курчоосуна айланат. Курчоонун узундугу миңдеген кмге, туурасы жүздөгөн кмге жетет. Эгерде аймак кабаттуу түзүлүшкө ээ болуп, өтө зор аянтты ээлеп жатса кен таш бассейни деп аталат (мисалы, Кривой-Рог темир кендүү бассейни). Кен таштуу аймак пайда болуу мезгилине, геологиялык түзүлүш өзгөчөлүгүнө, тектоникалык процесстерге байланыштуу кен таштуу райондорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт. Бири-биринен геологиялык түзүлүш, географиялык чөйрөсү жана айырмаланган, бирдей формацияда, физикалык-химиялык шартта пайда болгон, курамы бирдей кен таштан топтолгон аймак кен таштуу район делет. Ал эми бирдей геологиялык түзүлүштөгү, бир мезгилде пайда болгон, бири-бирине жакын жайгашкан кен таштардын чогундусу кен таш талаасын түзөт. Кен таш талаалары геологиялык түзүлүшүнө, генезисине жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: магма кендери, скарн кендери, пегматит кендери, гидротермдүү кендер, метаморфизм кендери, стратиформдуу кендер. Курамында кен таш минералдары кездешкен тарамчалар, линзалар, уюктар ж. б. созулуп жаткан тоо тектер тилкеси кен таш зонасы деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү