Кесиптик билим берүү

Кесиптик билим берүү – белгилүү эмгектик иш-аракет тармагындагы билим, практикалык билгичтиктер жана көндүмдөр системасы. Кесип ээлерин даярдоонун квалификациялык деңгээли боюнча кесиптик билим берүү баштапкы, орто жана жогорку болуп бөлүнөт.

Кесиптик билим берүү анын курамдык бөлүгү болгон техникалык билим берүүнүн пайда болуусу менен өзүнчө тармакка бөлүнгөн. Ал эми кесиптик техникалык билим берүү ири өндүрүштөрдүн жана технологиялардын пайда болушунан келип чыкан.

Кесиптик билим берүү өөрчүшү жалпы орто мектептин өөрчүшү менен байланыштуу, анткени мектеп аздыр-көптүр кесиптик даяардоонун бир бөлүгүн өзүнө алган.

1921-жылы жалпы билим берүүчү мектептердин төмөнкү типтери киргизилген: башталгыч мектеп (4 жыл), жети жылдык (эки концентрден-4 жана 3 жылдан), 9 жылдык мектеп (3-концентрден-4, 3 жана 2 жылдан) турган. Биринчи концентр кесиптик билимге, экинчи концентр – орто жана үчүнчү концентр жогорку профессионалдык билимге жалпы билим берүү базасы болушу керек болгон. Ошону менен бирге мектепти турмуш менен байланыштыруу ишке ашырыла баштаган.

Орто квалификациядагы кесип ээлери жетишпегендигине байланыштуу 1924-жылдан баштап II баскычтагы мектептин жогорку концентрин кесиптештирүү жүргүзүлгөн. Кесиптик: айыл чарбалык, экономикалык, кооперативдик, педагогикалык, индустриалдык ж. б. багыттар киргизилген. Мындай кесиптештирүүнүн эки кемчилигин практика көрсөткөн: окуучуларга берилген атайын кесиптик билим эл чарбасында толук кандуу иштөөгө жетишсиз болгон. Атайын даярдык, жалпы билим берүүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

1930-жылдан баштап айрым мектептер техникумдарга айландырылган. Мындай жол менен орто квалификациялуу кесип ээлерин даярдоо жакшырган жана кеңейтилген, бирок жогорку окуу жайларында окуу үчүн илимдердин негиздерин толук өздөштүргөн жаштарды даярдоо кыйынчылыктарды туудурган.

1932-жылдан баштап жалпы билим берүүчү мектептердин иш-аракети жогорку окуу жайлары үчүн илимдердин негиздерин жакшы билген сабаттуу адамдарды даярдоого багытталган.

1940-жылдын тогуздун айында түзүлгөн кесиптик окуу жайлары жана мамлекеттик эмгек резервдери мектептер системасы пландуу түрдө шаардык жана айылдык жаштардан көптөгөн жумушчу кесипчилигине даярдап, бардык ишканаларга жөнөтүп турган. Бирдиктүү окуу-методикалык жетекчилик кесиптик окуу жайларында кесиптик билим берүүнүн мазмуну, формалары жана методдору боюнча суроолорду иштеп чыгууну жеңилдеткен.

Эмгек резервдери окуу жайлары негизинен оор өнөр жайлары, курулуш, транспорт, байланыш жана айыл чарбасын механизациялоо боюнча жумушчуларды даярдашкан. Бара-бара эл чарбасынын бардык тармактары үчүн жумушчу кадрларын даярдоого талаптар коюлган. Натыйжада жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү өзгөчө мааниге ээ болгон. Орто кесиптик билим берүү индустриалдык, транспорттук, айыл чарба ж. б. техникумдарда, медициналык, юридикалык, сүрөтчүлүк ж.б. атайын орто окуу жайларында ишке ашырылып келген.

Окуу мөөнөтүндө орто билими жоктор адабият, тарых, математика, физика, химия, география, биология ж. б. жалпы билим берүүчү сабактарды жана тандаган кесибине байланыштуу жалпы техникалык, атайын заттар боюнча билим берилген, өндүрүштүк практика өткөрүлгөн. Теориялык даярдык сабактын, лекциянын, семинардын жана лабораториялык сабактардын жардамы менен берилген. Илимдин жетишкендиктерине таянган жана техника менен жабдылган өндүрүшкө жогорку деңгээлдеги техникалык даярдыкка ээ болгон жана практиканы жакшы билген кесип ээлери керек болгон.


Колдонулган адабияттарОңдоо

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004