Кесип зыяндуулугу - адамдын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна эмгек процессинин же өндүрүш шарттарынын жагымсыз таасир тийгизген факторлору; ал белгилүү шартта кесип ооруларын пайда кылып, жалпы ооруларды күчүркөнтөт.

Санитария-гигиеналык жактан технологияны жакшы билбегендик, айрыкча уулуу жана аллергия пайда кылуучу синтезделген заттарды, жаңы сырьёлорду пайдалануу, технологиялык режимди, санитария-техникалык нормативдерди бузуунун жана башка натыйжасында келип чыгат. Кесип зыяндуулугуна: чаң, ызы-чуу, дирилдөө, жогорку жана төмөнкү температура, абанын өтө нымдуулугу, атмосфера басымынын жогорулашы жана төмөндөшү, уулуу жана радиоактивдүү заттар, иондоштуруучу нурлануу, электр-магниттик толкундар, микроорганизмдер жана башка кирет.

Кесип зыяндуулугу эмгек процессине, анын уюштурулушуна, узактыгына, нервге, көзгө, кулакка күч келүү жана башка менен да байланыштуу. Кесип зыяндуулугунан эмгекке жарамдуулук азайып, катуу кармаган жана өнөкөт оорулар, уулануу, жалпы оорулар көбөйөт. Социалисттик коомдун шартында эмгек шарттарын жакшыртууга, Кесип зыяндуулугужоюуга багытталган чаралар жүргүзүлүүдө. Автоматташтыруу жана механикалаштырууда илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу менен өндүрүштөгү Кесип зыяндуулугу жоюлууда жана азаюуда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8