Кетендер, RR¢-С=С=О – реакцияга өтө тез кирүүчү каныкпаган орг. бирикме. Альдокетендер (R=Н, R¢ - орг. радикал) жана кетокетендер (R жана R¢ – орг. радикал) деп бөлүнөт. К-дин 1-мүчөсү газ: кайноо t 56оС, балкып эрүү t 151,6оС. Суу менен оңой кошулуп, уксус к-тасын жана кетонду пайда кылат. Спирттер, аминдер, кислоталар жана башка заттарды жакшы ацетилдөөчү бирикмелер. Ө ж. катализатор катышуусунда уксус к-тасын же ацетонду пиролиздөө ыкмасы менен алынат. К. эфирде, ароматтык жана хлордуу каныккан углеводороддо эрийт. Алар нуклеофилдүү реагенттерди, минералдык к-таларды, металлорг. бирикмелерди оңой кошуп алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү