Кеңеш (Ысык-Ата району)
Кеңеш, Ысык-Ата району, Октябрь – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кочкорбаев айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 736 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 10 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 7235 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал жана алектенет. Орто жана негизги мектеп, 2 китепкана, маданият үйү бар. Ушул кыштакта туулган Социалисттик Эмгектин Баатыры Ы. Кочкорбаевге эстелик тургузулуп, музей уюштурулган.
Кеңеш | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
7235 (2007) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9