Кеңкол көлүФергана тоо тизмегинин түштүкбатыш капталындагы Кызыл-Үңкүр өрөөнүнүн баш жагынан орун алган. Базар-Коргон районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийикте жатат. Узундугу 700 м, туурасы 100–120 м, аянты 0,1 км2, тереңдиги 20–25 м. Көл байыркы моренанын өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Бөгөттүн бийиктиги 50–60 м. Көлдөн Кеңкол суусу агып чыгып, Отуз-Арт суусу жана кошулуп, Кызыл-Үңкүр суусун түзөт. Көлдү курчаган тоо капталдары тик, анда арча, карагай токою, көлдүн башталышындагы чакан дельтачада тал, терек жыш өсөт. Көлдө көк чаар, маринка, жилингир ж. б. балыктар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү