Килемчилик – кыргыз элинин материалдык маданиятын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы жана эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын чагылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. Килемчилик түштүк жана түштүк-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) жана арабы (түксүз) Килемчилик жасалат. Жүл Килемчилик эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой жана эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр Килемчиликге түр берип турат. Аркак кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриштердин калдыктарынан да ийрилет. Арабы Килемчилик жүл Килемчиликке окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул Килемчилик жеңил, бышык жана кооз болот. Килемчиликке койдун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра ж. б. заттар пайдаланылат. Килемчиликти токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, килем токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч ж. б. аспаптар колдонулат. Килемчиликти 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чыйратылып, башалмай (тоголок) боюнча сууга кайнатылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 м болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты салып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагыча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкөлөп) алат. Килемчиликти токууда эң биринчи жерди тегиздеп, Килемчилик курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. Килемчиликти токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, б. а. эришти аштаманын баш жана аяк жыгачтарына өткөрүп, Килемчиликтин негизин түзөт. Андан кийин Килемчиликтин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. Килемчилик согууда эң биринчи «жапайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген ж. б. түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети жана берилет. Лейлек, Баткен жана Ноокатта жүл Килемчиликти токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Килемчиликтин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бөлүнөт: «бүтө кочкорек» жана «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мүйүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» ж. б. көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп сайылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп сайылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уздар Килемчиликти ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган Килемчиликтин эң чоңу ордо Килемчилик аталып, аянты 503,5 мге жетет. Калы Килемчилик 3,502,5 м келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр Килемчилик аянттуу келип, жерге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын Килемчилик токушкан. Мындай чакан Килемчилик төө Килемчилик деп аталган. Көчүп-конууда урунууга жайлоо Килемчилиги токулган.

Колдонулган адабияттарОңдоо