Кимберли
Кимберли – Австралиянын түндүк-батышындагы плато. Байыркы кристаллдык тектерден жана кумдуктардан, чыгышы базальттан турат. Бийиктиги 936 мге чейин. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу. Түштүгүндө кургакчыл, түндүгүндө дайыма жашыл эвкалипт токою мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9