Кипп аппараты - ылдыйкы бөлүгү кенен резервуар (1), анын үстүндө газды чыгаруучу шар түрүндө кеңейтилген тубус, эң үстүңкү бөлүгү ылдыйкы бөлүгүнө (2), айнек моюнчасы (4) аркылуу бириктирилген айнек идиш. Катуу заттарга суюктукту таасир этүү менен газдарды алуу үчүн колдонулат. Аны голландиялык окумуштуу П.Кипп ойлоп чыгарган. Газды алуу үчүн колдонулуучу кату зат газ чыгаруучу түтүгү бар ортоңку идишке салынат. Үстүңкүсүнө суюктук куюлат. Суюктук төмөнкү идишке, андан ортоңкусуна келип, катуу зат менен реакцияга кирип, газды бөлүп чыгарат. Эгер газ чыгуучу түтүк чоргосун жаап койсо, газ суюктукту ортоңку идиштен сүрүп чыгып, реакция токтойт. Катуу зат өлчөмү 1см3 терегинде болуш керек.

Сүрөттө Кипп апппараты: 1 - резервуар; 2 - шар түрүндөгү кеңейтилген тубус; 3 - газ чыгуучу тубус 4 - моюнча; 5 - алмурут түспөлдөш воронка; 6 - воронка моюнчасы; 7 - сактап калуучу воронка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү