Кирилл-Мефодий коому — Россия империясындагы жашыруун саясий уюм. 1845-жылы Киевде түзүлгөн. Мүчөлөрү: В. М. Белозерский, Н. И. Гулаг, Н. И. Костомаров, П. А. Кулиш, Н. И. Савич, Т. Г. Шевченко ж. б. Коомдун максаты — борбору Киевде жайгашкан славяндык демократиялык республикаларды (штаттарды) түзүү болгон. Коом жарандык тең укуктуулукту, жалпы шайлоо укугун сунуштаган. Айрым мүчөлөрү (Т. Г. Шевченко, Н. И. Гулак, А. Навроцкий) күрөштүн революциячыл ыкмаларын колдонсо да, жалпысынан коом либералдык-реформачыл позицияда турган. Кирилл-Мефодий коомунун мүчөлөрү 1847-жылы камалып, ар кандай жазага тартылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү