Кичи Азия тайпак тоосу - Кичи Азия жарым аралынан орун алган, Түркияда. Узундугу 1200 кмдей, туурасы 600 кмге чейин. Басымдуу бийиктиги 900—1500 м. Ички бөлүгүн Анадолу бөксө тоосу, түндүгүн Понт тоолору, түштүгүн Тавр тоолору ээлейт. Эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия жарым аралынын батыш бөлүгүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймактарында жарым чөл жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоолордун сыртка караган капталдарында токой жана жер ортолук деңиздик бадалдар өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү