Кичи Кызыл сууТескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталынан агып түшкөн суу. Ысык-Көлдүн куймасы.
Узундугу 37 км, алабынын аянты 139 км2. Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 2930 м.
Алабында жалпы аянты 4 км2 болгон майда мөңгүлөр бар. Кичи Кызыл сууга Archived 2014-04-04 at the Wayback Machine узун 21 км болгон 9 суу куят.
Көп жылдык ортчо чыгымы 1,25 м3/сек. Май–сентябрь айларында кирип, октябрь–апрель айларында тартылат.
Июль айы сууга мол (ортчо чыгымы 3,20 м3/сек), декабрь-февралда сууга өксү (0,40 м3/сек) болот. Эң көп чыгымы 45 м3/сек, эң азы 0,08 м3/сек.
Декабрдын ортосунда муз каптап, марттын аягында ачылат. Муздун калыңдыгы 25–40 см.ге жетет.
Сугатка пайдаланылат. Кичи Кызыл суудан 3,00 м3/сек.га жакын суу өткөрүүчү 8 канал чыгарылган. Өрөөнүндө Кызылсуу кыштагы жайгашкан.

Кичи Кызыл суу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү