Кичи Суук-Төр мөңгүсүКакшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 6,5 км, аянты 9,0 км2. Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы. Жаңарттын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Этеги бири-бирине улай жаткан бир нече морена жалчасы менен курчалган. «Тилинин» сол четинде кар көчкүлөрүнүн конустары жатат. Мөңгүдөн Кичи Суук-Төр өзөнү агып чыгып, Жаңарттын оң куймасы — Суук-Төргө сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү