К. С. Лүис

Клайв Стейплз Лүис‎»‎ барагынан багытталды)

Клайб Степлс Лүис (англ. Clive Staples Lewis; 1898-жылы 29-ноябрда туулуп - 1963-жылы 22-ноябрда каза болгон) - британиялык жазуучу, поэт, академик, орто кылым боюнча тарыхчы, адабий чыгармалардын сынчысы, эссе жазуучу, теолог, диктор, мугалим жана христиандык апологет болгон[1].

Клайб Степлс Лүис
Clive Staples Lewis
Туулган датасы:

29 -ноябрь 1898(1898-11-29)

Өлгөн датасы:

22 -ноябрь 1963(1963-11-22) (64 жаш)

Ал Оксворд (Магдалена колледж, 1925–1954) жана Кембридж (Магдалена колледж, 1954–1963) университеттеринде тең сабак берген. Лүис "Баламута каттары" (англ. The Screwtape Letters), "Нарниянын жылнаамасы" (англ. The Chronicles of Narnia) жана "Мейкиндик үчилтиги" (англ. The Space Trilogy) сыяктуу фантастикалуу романдары жана христиандык кечиримдүүлүк тууралуу "Кадимки христианчылык" (англ. Mere Christianity), "Керемет" (англ. Miracles) жана "Оору көйгөйү" (англ. The Problem of Pain) аттуу адабий чыгармалары менен кеңири таанымал.

Лүис жана Ж. Р. Р. Толкин абдан жакын достордон болушкан. Алар экөө тең Оксфорд университетинде англис тили бөлүмүндө кызмат кылышкан жана Инклиң деп аталган Оксфорддогу расмий эмес адабият тобунда активдүү катышуучулар болушкан. "Кубанычка батуу" (англ. Surprised by Joy) чыгармасында, ал Ирландиядагы чиркөөдө баптист динине өткөндүгүн, бирок өспүрүм кезинде бул динден баш тарткандыгын эскерет. Лүис, Толкин жана башка досторунун таасири аркылуу 32 жашында англиканизм динине кайтып келип, "Англия чиркөөсүнүн кадимки сыйынуучусуна" айланган. Анын ишеничи анын чыгармаларында да чагылдырылган. Ошондой эле ал согуш учурундагы радиоберүүдө христианчылык тууралуу ойлору үчүн мактоолорго арзыган.

Лүис 30дан ашуун китеп жазган жана алар 30дан ашуун тилге которулуп, миллиондогон көчүрмөдө сатылган. Ал жазган "Нарниянын хроникалары" аттуу чыгарма абдан көп көчүрмөдө сатылган китептердин бири болуп, ал тууралуу сахнада көрсөтүүлөр, телеберүүлөр, радиоберүү жана тасма тартылган. Анын философиялык жазмалары көптөгөн динге ишенүү тууралуу түшүндүрмөлөрдө христиандык кечирим суроочулар тарабынан цитата катары берилген.

1956-жылы Лүис америкалык жазуучу- Жой Девидменге баш кошкон. Бирок жубайы төрт жылдан кийин 45 жашында рак оорусунан улам каза болгон. Ал эми Лүис 65-туулган күнүнө бир жума калганда бөйрөк оорусунан улам 1963-жылы, 22-ноябрда кайтыш болгон. 2013-жылы Лүистин элүү жылдык мааракесинде Вестминистер Кечилканасындагы поэттердин бурчтугунда анын урматына эскерүү мемориалы коюлган. 2014-жылы анын каза болгондугуна 50 жыл болгондон кийин анын автордук укугу Канададагы сыяктуу элдин энчисине берилген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. Bennett, Jack Arthur Walter; Plaskitt, Emma Lisa (2008) [2004]. "Lewis, Clive Staples (1898–1963)". Oxford Dictionary of National Biography (online ed.). Oxford University Press.