Классикалык музыка (лат. classicus - үлгүлүү) - ар бир калктын, алардын ичинен дүйнөлүк музыкалык маданияттын алтын казынасына айланган үлгүлүү, классикалык чыгарма; бардык мезгилде идеянын мазмуну жана көркөмдүк даражасы эң жогору бааланган атактуу композиторлордун өткөн доорлордогу чыгарган музыкалык мурастары.[1]

Ошондой эле совет мезгилинде жазылган чындык турмушту, терең мазмунду, көркөм касиетти бийик чагылдырган чыгармалар Классикалык музыка казынасына кирет.

Классикалык музыканын чыгармалары адамзаттын адамгерчилик жана агартуучул изги идеяларынын туундулары болуп келген. Арийне, ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыштуу Классикалык музыка бир элде эрте, экинчи бир элде кеч пайда болгон-. Мисалы, Грецияда б. з. ч. 5-кылымда, Римде 1-кылымда, Орто Азия жана Чыгышта 9- 12-кылымда өнүккөн.

Кыргыз Классикалык музыкасынын жаралышы да 19-кылымга таандык. Анын өкүлдөрү - Арстанбек, Жеңижок, Калыгул, Токой, Боогачы ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

Булактар түзөтүү

  1. Классикалык музыканы тандоо. Текшерилген күнү 12 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 12 Апрель 2022.