Кожо-Ата көмүр кени — Жалал-Абад облнун Аксы районунда, Кара-Суу ойдуңунун түндүк жагында, Авлетин жана Кара-Суу сууларынын төмөнкү агымдарынын аралыгында, Таш-Көмүр шаарынан 70 км түндүктө жайгашкан. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 187б-ж. (Г. Д. Романовский) берилгенетикалык 1953-ж. геологиялык картасы түзүлгөн. Көмүрлүү катмарда 4 кабат бөлүнгөн. Көмүр кабатынын калыңдыгы 0,20 мден 1,0 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн күлдүүлүгү 12,52%тен 38,04%ке чейин, күйүү жылуулугу 26,56 МДж/кг (6345 ккал/кг) — 30,75 МДж/кг (7346 ккал/кг) чейин өзгөрөт. Кендин 600 м тереңдикке чейинки божомолдуу ресурсу 44 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү