Кожата

Кож Ата‎»‎ барагынан багытталды)

КожатаАксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Кара суунун оң куймасы. Уз.18 км, алабынын аянты 280 км2.

Кож Ата.

Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу агат да, Сарычелекке куят; андан агып чыккан суу Тоскоол деп аталат. Өрөөнүнүн ландшафты өтө кооз, корук. Алабы деңиз деңг. 2000 м бийиктикте жатат. Жылдык орт. чыгымы 4,96 м3/сек. Эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кызылтуу, Аркыт кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2