Кокон автономиясы, Түркстан автономиясы — Кокон хандыгынын ордуна түзүлгөн улуттук-демократиялык мамлекеттик түзүлүш. Ал Россияда жүрүп жаткан революцияларга (к. Февраль революциясы, Октябрь революциясы жана башкалар) байланыштуу 1917-ж. 26-29-ноябрда (9-11-декабрь) жергиликтүү элдин улуттук кызыкчылыгын коргоо максатында Түркстан мусулмандарынын крайлык 4-съездинде жарыяланган. Бирок почта-телеграф кызматкерлеринин узакка созулган иш таштоосу жана демократиялык багыттагы гезиттердин катуу көзөмөлдө болушу съезд жөнүндө кабарды жер-жерлерге жеткирүүгө тоскоол болгон. Съезддин ишине 203 депутат, алардан сырткары «Шура-и Ислам» саясий партиясы жана башкалар уюмдардан өкүлдөр катышып, Түркстанды башкаруу, Түштүк-Чыгыш союзуна (советтерге каршы Дон казакорус өкмөтү тарабынан түзүлгөн Түндүк Кавказдагы уюм) кошулуу, Түркстан мусулмандар кеңеши, анын Аткаруу комитет ин кайра шайлоо, учурдагы абал, ошондой эле Түркстан уюмдаштыруу жыйыны, крайда финансылоо жана милицияны уюштуруу маселеси каралган. 27-ноябрь, түнкү саат 24тө Улуу орус революциясынын улуттардын өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү идеясын жетекчиликке алып, «Россия Федеративдүү Республикасынын курамында Түркстан улуттарынын аймактык эркин автономиясы түзүлдү» деген саясий чечим кабыл алынган. 28-ноябрда уюмдаштыруу чогулушу чакырылганга чейин бүт бийлик Түркстандагы Убактылуу кеңешке жана Түркстан Элдик жыйынына таандык деп жарыяланган. Кокон автономиясынын мыйзам чыгаруучу органы катары 54 адамдан турган Түркстан убактылуу совети жана өкмөт курамы түзүлүп, ага М. Тынышбаев (төрага), М. Чокай (адегенде тышкы иштер министри, кийин төрагасы), Агеев, Хожаев жана башкалар киришкен. Кокон автономиясы Россияда түзүлгөн өкмөткө карама-каршы болбой, тескерисинче В. И. Лениндин идеялары ишке ашып жатканын жана «өкмөт өзүнүн бирден-бир милдети — азчылыктын укуктарын коргой тургандыгын» белгилешкен. Өз алдынча басма сөзү катары «Свободный Туркестан», «Знамя свободы» (орус тилинде), «Эл байрак» (казак, кыргыз, өзбек тилдеринде) жана башкалар жарыяланып турган. Кокондогу бул жаңы өкмөттүн кадыры тез өсүп, «Шура-и Ислам», «Иттифак», «Мусулман эмгекчилеринин союзу» жана башкалар уюмдар да аны колдоп чыгышкан. Мындай абалда большевиктер провокацияга барууга аргасыз болуп, 13-декабрдагы бейтарап митинг учурунда саясий ыдык көргөн деп, түрмөдө жаткан адамдарын бошотууга жетишкен. Ошондон кагылышуу башталып, 16 киши өлүп, түрмөдөн бошотулгандар кармалып, өлүм жазасына тартылган. Ушундай кандуу окуядан кийин Түркстан Эл комиссарлар кеңеши менен Ташкент шаардык кеңеши В. И. Ленинге кайрылып, ага саясий баа берүүнү сураган. Улут маселеси боюнча комиссар И. В. Сталин ага «бийлик силердин колдо, демек директиваны да өзүңөр чыгаргыла» деп жооп бергенетикалык Анын негизинде большевиктер «Автономияны түзүү жөнүндөгү маселени Уюмдаштыруу жыйыны гана чечиши керек», «Кеңеш өкмөтү автономия курууга каршы эместигин, бирок ал сөзсүз пролетардык формада болуу керектигин» айтып, Түркстан мусулмандарынын 4-съездинде кабыл алынган токтомдорду жана Кокон автономиясын мыйзамсыз деп тапкан. Ага жооп кылган Түркстан демократиялык кыймылы жалпы мусулмандардын 4-съездинин чечимин колдоого алып, 1917-ж. 25декабрда Кокон шаарында мусулман жумушчу-дыйкан жана солдаттардын чукул чакырылган I съездин өткөрүшкөн. Ага катышкан 200 делегат жалпы мусулмандардын 4-съезди кабыл алынган чечимдерди колдогон токтом кабыл алышкан. Бирок мусулмандардын «Улема» партиясы жана Жети-Суу демократиялык кыймылы Кокон автономиясын колдоодон баш тартышкан. Ушуну менен 20% калк шайлаган Ташкент шаардык кеңеши туура, ал эми калктын басымдуу бөлүгүнүн ой-тилегин көздөгөн мусулман элинин эки съездинин чечимдери туура эмес болуп табылып, крайда кош бийлик орногон. Натыйжада ага атаандаш Ташкент эл комиссарлар Совети Кокон автономиясынын мыйзамсыз деп эсептеп, 1918-ж. февраль айында аларга куралчан интервенция уюштурган. Туруктуу аскери, курал-жарагы жогунан Кокон автономиясы тез эле кулап калган. Көптөгөн бейкүнөө адамдар набыт болуп, Кокон автономиясын жоюунун мындай жолу коомчулукту иренжиткен. Мисалы, ага катышкан Д. И. Мажара: «...бул жүрүштөн “автономияны” каалагандар гана эмес, аларга каршылар да жапа чекти. Талап-тоноо, зордуктоого жол берилди»,— деп жазган. Бирок большевиктер басымдуулук кылган Кеңеш мындай күнөөнү мойнуна албай, уяткаруу менен гана чектелгенетикалык 1918-ж. май айында «Шури-и-Улема» таркатылат жана демократиялык маанайдагы гезит-журналдар жабылып, алардын жетекчилерин куугунтуктоо башталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү