Коксохимия — катуу отундар хим. продуктуларды металлургияга ке-рек болуучу коксту өндүрүүнүн процес-стерин изилдөөчү жана иштеп чыгуучу хим-нын бир тармагы. Катуу отундарды иштетүүдө пиролиз-коксохимиясы жогорку темп-рада жүргүзүлүүчү татаал гетерогендүү процесс. Көмүрдү акырындап 1000°С чейин ысытканда анын макро-молекуласынын ажырашы аркылуу көмүртек менен байыган катуу фаза (кокс) жана углеводород буусу жана газы пайда болот. К. процесси негизинен үч баскычтан турат: 1. Көмүр шахтасын даярдоо. 2. Кокстоо, газ-буу аралашмасын, коксту бөлүп алуу. 3. Газ-буу аралашмасын кайра иштетүү. Акыркы баскыч ирети менен жүргүзүлүүчү беш операцияны камтыйт: а) буу-газ аралашмасын муздатуу менен конденсатка айлантуу, чайырды жана чайырдуу сууну бөлүү; б) аммиакты кармап калуу; в) ароматтык углеводородду сиңиртүү жана аларды ажыратуу; г) ароматтык углеводородду катуу муздатуу менен фракцияларга бөлүү; д) таза углеводородду алуу үчүн чайырды кайра иштетүү. 1 т көмүрдөн орточо 700-150 кг кокс, 30-35« чайыр, 120-150 кг (300-320 м3) газ, 10-11 кг чийки бензол алынат. Процесс жүрүшүнө, продуктулар аз же көп алынышына баштапкы чийки заттар курамы, көмүр майдалануу денгээли, тыгызд., кокстоонун ылдамдыгы жана темп-ра таасир этет. Өндүрүлүп жаткан көмүрдүн 25 % чейинкиси К. продуктуларын өндүрүүгө жумшалат. Эгерде көмүр курамында көмүртект баалуулугу бирге барабар деп кабыл алсак, көмүрдөн алынган продуктулар баалуулугу: 1 кг көмүртектики—1,5; бензол курамындагы 1 кг көмүртектики — 15; нафталинде — 20; боёктордо — 500; дары заттар— 750; хим. булада —1500 болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү