Дубанбек Асан уулу түзөтүү

Нарын шаарынын №7 мектебинде кыргыз тил жана адабият сабагынан мугалим болуп эмгектенип келе жаткан жазуучу Дубанбек Асан уулу 1989-жылдан бери эмгектенип келуудо.Бул мугалим жана жазуучу жонундо айтып кетсек:Дубанбек Асан уулу Асаналы тегин 1955-жылы Нарын шаарында кызматчынын уй-булосундо туулган. Озунун эмгек жолунда корректор, кочегар, шофер,охотовед,корреспондент,инженер,институтта окутуучу,мектептерде мугалим брлуп иштеди. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган "Эл агартуунун отличниги".Ырлары,ангемелери республикалык,областтык,райондук массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келуудо.Эн кызыктуу китептери мисалы алсак: "Тиги дуйно укмуштары","Жапайы аял", "Байлык" аттуу китептери коптогон тиражда чыгарылып, республикабыздын окуучуларына таанылган. Автордун ар кыл мезгилдерде жазылган ырлары, ырлар циклдери "Таблеткалар" жыйнагында топтолгон.Ошондой эле,Дубанбек Асан уулу ар бир майрам сайын озунун ырларын мектеп коллега-мугалимдерине арнап келет. "Тенир-Тоо" аттуу Нарын областык,республикалык газеталарга ырлары жана ангемелери жарыяланып журот.

Дубанбек Асан уулунун ыры түзөтүү

 Тыншачы.

Тыншачы досум,андачы досум абайлап, Тоо тарап жактан,тээ алыс тундук тараптан, Добулбас уну,добулбас уну жанырат, Чындыкка кел деп,чындыкка ундоп кагылган. Арбагы тируу абакем Кошой болбосун, Жардамга кел деп чакырган жанда чоросун. Бузулуп барат быт-чыты чыгып тил деген, Эл бузар аны жоготуп такыр койбосун. Андачы досум,байкачы досум абайлап, Кернейдин уну,сурнайдын уну жанырат. Береке берчу тынччылык келген заманда, Эмне эле мынча мунканып мукам тартылат. Куюлткан кумдай алтындай макал-лакабын, Эл куту болгон абакем Бакай болбосун. Аркалык болуп,ичкилик болуп болунбой, Урпагым элим ушул кун бир ууч кол болгун. Добулбас уну,кернейдин уну жанырат, Ойлочу досум,ойлончу досум азыраак. Дил менен тилди,эл менен жерди ким сактайт, Качкынды ээрчип байкоостон эгер адашсак. Арада балким Абыке,Кобош журбосун, Акчасын чачып бирине бирик тукуруп. Билгизбей аста шылдындап бизди кулбосун, Кан ичер деген ооруну элге жуктуруп. Байкачы досум,абайла досум ушул кун, Элиндин эстеп келечек кунун,омурун. Эл бузар келсе созуно такыр алдырбай, Мекен деп соксун,элим деп соксун журогун!