Колдонуучунун баарлашуулары:Bosogo/Архив/1

Жер-суу аталыштарын өзгөртүү боюнча түзөтүү

Саламатсызбы, Кыргыз Уикипедиясына кошуп жаткан салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздин кошуп жаткан салымыңызды карап көрүп, көбүнчө жер-сууларга багытталганын байкадым,ошондой эле аталыштарын да өзгөртүп жатасыз.... өзгөртүүлөр кайсыл булактарга таянуу менен болуп жатат? Маалымат үчүн жазып коёсузбу?! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 15:59, 4 июнь 2021 (UTC)Жооп берүү

Translation request түзөтүү

Hello.

Can you translate and upload the article ru:Флаг Азербайджанской Республики in Kyrgyz Wikipedia? It does not need to be long.

Yours sincerely, Multituberculata (баарлашуу) 09:27, 4 Август (Баш оона) 2021 (UTC)

Стефания Туркевич түзөтүү

Hello Bosogo, When you have time, can you take a look in my Discussion Page: Колдонуучунун баарлашуулары:Nicola Mitchell? I have done a translation using the Wikipedia tool of the English article: en: Stefania Turkewich. If you can fix the language, and improve the article in other ways so that it is up to Wikipedia standards, can you create it in the Kyrgyz-language Wikipedia? Can you link it with the other languages then? Thank you. Nicola Mitchell (баарлашуу) 12:12, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2021 (UTC)

Thank you, Bosogo! When you finish working on it and feel that it is complete, please link it to the other languages.Nicola Mitchell (баарлашуу) 16:00, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2021 (UTC)

Сары-Тологой, Түп району түзөтүү

Саламатсызбы урматтуу Bosogo, Кыргыз Уикипедиясына кошуп жаткан салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Сары-Төлөгөй, Түп району деген макалага багыттоочу Сары-Тологой, Түп району деген баракты жараттым эле, себеби интернет мейкиндигинде эки аталышы тең бирдей кездешет экен. Бирок бул багыттама баракты жоюптурсуз. Бул айылдын Сары-Тологой деген аталышын Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунан (11.05.2021, http://stat.kg/media/files/21f93e4d-9418-433e-aed9-ecb28d70ef5a.doc) алып таянып, кошумча багыттама кылгам. Сураныч, өчүрүлгөн багыттама баракты кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, Сары-Төлөгөй деп тастыктаган расмий мыйзам же токтом булагы менен маалымат иретинде бөлүшүп коёсузбу? Рахмат!
Kmaksat (баарлашуу) 12:34, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

@Kmaksat Саламатсызбы. Сиз ал баракты бүгүн жаратканыңызды көргөн эмесмин.) "Тологой" макаласын "Төлөгөй" макаласына багыттаганыңызды көрүп, аны классификатордон текшербей өчүргөм.
Мамлекеттик классификатор - расмий булак болгондуктан, менимче макаланын аталышын өзгөртсөк болот: Сары-Тологой (Түп району). Андан тышкары Манас дастанында Сары-Тологой деген жер бар экен.
Ишенимче, жылдын аягына чейин Кыргызстандын административдик-аймактык бирдиктерин толугу менен иреттөөнү чогу жетишебиз. Bosogo (баарлашуу) 14:04, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)
@Bosogo Рахмат, кийин кимдир бирөө туура аталышы Сары-Төлөгөй деп далилдесе Сары-Тологой барагын кошумча убактылуу багыттама барак кылып өзгөртөлүк, классификатор оңдолгуча убактылуу багыттама кылып. Кыргызстандын административдик-аймактык бирдиктерин толугу менен иреттеп чыгуу ой-максатыңызга толук тилектешмин. Ишиңизге ийгилик! Kmaksat (баарлашуу) 14:50, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

Жаңы функция туралуу, (GeoBox_Init img_toggle) түзөтүү

Bosogo мырза, арыбаңыз, Common.js скриптине (https://ky.wikipedia.org/wiki/MediaWiki:Common.js) жаңы функция (GeoBox_Init img_toggle) кошконго уруксат берип коёсузбу? Себеп - кыргыз уикипедиясында административдик жана физикалык карталарды бирдей көрсөтө турчу касиети бар аймактык карталарды киргизүү. Этият болууга убада берем. Рахмат! Kmaksat (баарлашуу) 23:28, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

@Kmaksat Саламатсызбы. Сиз көрсөткөн баракты мен да оңдой албайм. Бул маселе боюнча Мета-викидеги глобалдык администраторлорго (global sysops) кайрылыш керек окшойт (түздөн-түз же атайын барактары аркылуу).
Сиз менен кантип байланышса болот ? Менин электрондук почтама жазып койсоңүз жакшы болмок (bosogo00@gmail.com). Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 11:23, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)
Рахмат, түшүнүктүү. Байланыш контакттарымды почтаңызга жибердим. Kmaksat (баарлашуу) 15:32, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

How we will see unregistered users түзөтүү

Hi!

You get this message because you are an admin on a Wikimedia wiki.

When someone edits a Wikimedia wiki without being logged in today, we show their IP address. As you may already know, we will not be able to do this in the future. This is a decision by the Wikimedia Foundation Legal department, because norms and regulations for privacy online have changed.

Instead of the IP we will show a masked identity. You as an admin will still be able to access the IP. There will also be a new user right for those who need to see the full IPs of unregistered users to fight vandalism, harassment and spam without being admins. Patrollers will also see part of the IP even without this user right. We are also working on better tools to help.

If you have not seen it before, you can read more on Meta. If you want to make sure you don’t miss technical changes on the Wikimedia wikis, you can subscribe to the weekly technical newsletter.

We have two suggested ways this identity could work. We would appreciate your feedback on which way you think would work best for you and your wiki, now and in the future. You can let us know on the talk page. You can write in your language. The suggestions were posted in October and we will decide after 17 January.

Thank you. /Johan (WMF)

18:17, 4 январь 2022 (UTC)

Cianzera колдонуучуга бөгөт коюлгандыгы боюнча түзөтүү

Саламатсызбы колдонуучу "Cianzeraга" бөгөт коюлгандыгын байкадым. Эгер мен туура түшүнгөн болсом, экөөңүздөрдүн жеке мамилеңердин келишпестигинен сиз бөгөт койгонсуз, ушундайбы?. Андай болсо жеке мамилелерди бул жакка аралаштырбоону суранат элем. Ал колдонуучунун тарыхынан бирөөнү мазактоо жана вандализм сыяктуу көрүнүштөрдү байкабадым.... Демек Википедиянын сыртында болгон нерсе жеке мамлеге кирип кетет... Колдонуучуну бөгөттө үчүн белгилүү бир далилдер керек, Википедия далилди жактырат, аны сиз жакшы билесиз. "Вандализм жасап жибербесин" - деген күмөндөр болсо, анда ага убактылуу гана чектөө бериш керек... Бул менин сунушум жана жеке оюм.. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 04:01, 28 февраль 2022 (UTC)Жооп берүү
Саламатчылык. Толугу менен туура эмес түшүндүңүз. Ал колдонуучу менин байланыш почтама (колдонуучу барагымдагы белгиленген электрондук почта) Википедиясынын ишмердүүлүгү боюнча ой пикирин жазганды адатка айландырды (андай билдирүүлөр Википедиянын алкагында болушун уккан жок). Белгилеп койсом, этиканы башынан сактабай келген, бирок ага карабастан урматтоо менен жооп берип келгем.
Бүгүн саат 00:58де почтама Википедиядагы ишмердүүлүгүмө байланыштуу мени жана жакындарымды сөккөн кат жазды. Ал катты бул жерге түшүнүктүү себептерден жөнөтө албайм. Сөздөрүмдү далилдеш үчүн каттын скриншотун жөнөткөнгө даярмын. Мени сөккөнүн себеби бул талкуу менен байланыштуу: Баарлашуу:Мургаб району.
Билгениңиздей Википедиянын принциптери бири: википедиячылар бир бирине сый мамиле кылууну талап кылат. Демек, Википедиянын негизин түзгөн приципин бузду. Башкаларды абсценттик лексика менен сөккөн жана эң маанилүү болгон - анын жакындарын да тийген колдонуучу долбоордон четтетилиши керек ! Bosogo (баарлашуу) 04:28, 28 февраль 2022 (UTC)Жооп берүү

Салам. Кантип башка жерден жазганы , бул уикипедияга тийиштүү? Уикипедия тууралуу сүйлөсө гана, блок берүү туурабы? @Абдырашит Сатылганов , туура жазды деп ойлойм. TAUZULE (баарлашуу) 20:14, 5 март 2022 (UTC)Жооп берүү

@TAUZULE Пять столпов окуганга сунуштайм. Бул биринчиден. Экинчиден, жазганымды көңүл буруп окусаңыз жакшы болмок, анда мындай суроолор жаралмак эмес. Bosogo (баарлашуу) 20:24, 5 март 2022 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo ал биздин кыргыз википедияга өтө чоң салым кошкон. Кыргыз википедиясында 8-9 активдүү гана колдонуучу бар. Анын бирөөсүн жок кылыптырсыз 😕— Бул пикирди TAUZULE (баарлашуусалымы) калтырды. 20:33, 5-март (жалган куран) 2022-жылы‎ (UTC)
@TAUZULE Айырмасы жок. Негизги принциптердин бирин одоно бузуу болду. Ким кандай салым кошпосун, бирөөнү сөккөнгө укугу жок.--Bosogo (баарлашуу) 20:47, 5 март 2022 (UTC)Жооп берүү
@Bosogo , Пять столповду окудум, ал жерде сөккөн жерде гана сөгүү калат экен, ошондуктан, ал сизди Википедияда сөктүбү? Жок. Анда эмнеге блок бердиңиз?— Бул пикирди TAUZULE (баарлашуусалымы) калтырды. 20:56, 5-март (жалган куран) 2022-жылы‎ (UTC)
  • @TAUZULE Айырмасы жок каерден сөктү. Сөккөнүн себеби - Википедиядагы ишмердүүлүгүм. Ишмердүүлүк үчүн бирөөгө социалдык тармактардан жазса да Википедияга тиешелүү. Википедиянын ишмердүүлүгү Википедия менен чектелбейт. Муну билүү керек ! Ошондой эле "Википедияда сөгүү болуш керек" деген жер жок.
Эгерде, мен электрондук почтаңыз аркылуу кандайдыр бир макаладагы талаш маселе үчүн сизди сөксөм мунун Википедияга тийешиси жокпу ? Же сизди көчөдөн табып Википедияга кандайдыр бир маалымат киргизгениңиз үчүн сабап салышса мунун да Википедияга тийешиси жокпу ошондо ? Логикаңыз боюнча ошондой болуп жатат. Же Жогорку Кеңештин депутатын Жогорку Кеңеште өлтүрүшсө гана саясий өлтүрүү болуп саналабы ? Көчөдөн анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлтүрсө саясий өлтүрүү болбой калабы ?
Ошондуктан, бул атайын эч ким көрбөсүн депген максатта Википедиядан сырткары Википедиядагы ишмердүүлүк менен байланыштуу иш аракеттер. Аябагындай одоно бузуу. Санкция да ошого жараша болот. Ал колдонуучу бөгөттөдөн башка аккаунт менен айрылам деген күмөндөр болсо андай аккаунттун үстүнө текшерүү жүргүзүлөт. --Bosogo (баарлашуу) 21:01, 5 март 2022 (UTC)Жооп берүү

Башбарак боюнча кайрылуу түзөтүү

Саламатсызбы, Айбек мырза. Башбарактын акыркы оңдоолору боюнча. Википедия жарнама же куттуктоо жазуучу платформа эмес. Кайсыл бир майрамда куттуктоолор чыга берсе анда башбарак доскага айланып калышы мүмкүн. 9-май маанилүү майрам, бирок Википедия өз принциптеринен тайбашы керек. Жана дагы, башка колдонуучуларга таасир бере турган өзгөртүүлөрдү алар менен кеңешип жүргүзгөн туура болот деп эсептейм. Ишиңизге ийгилик!!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 02:34, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)

@Абдырашит Сатылганов Саламатчылык. Майрам менен куттуктоо Википедияда калыптанган практика. Майрамдарга карата жана башка учурларда Википедиянын логотиптерин өзгөртшөт. Ошондой эле башка учурларда баннерлерди калтыршат. Википедиянын бир да принциби бузулган жок. Жеңиш Күнү аябагындай маанилүү майрам, аны дайыма майрамдайбыз. Эч нерсе, эч ким унутулбайт ! Bosogo (баарлашуу) 09:55, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)
Ооба, жеңиш күнү маанилүү майрамдардын бири, бирок сиз айткан практика логотипти кооздоо менен гана чектелген. Мисалы: Мен 10-жылга жакын Википедияда болсом, анын ичинде көбүнчө Орус, Украин, Түрк, Азербайжан бөлүмдөрдө логотипти кооздоо гана болгон ал кооздоодо куттуктоо сөздөрү болгон эмес. Учурдагы Орус Википедиянын абалы боюнча маалыматтыңыз болсо, алар мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарып, азыр колдонушпайт....айтайын дегеним башкы барак доска сыяктуу болуп кетпесин дегеним. Себеби мындай маанилүү майрамдар, бизде жетиштүү!!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 10:42, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)
@Абдырашит Сатылганов Бизде бир гана маанилүү майрам - Жеңиш Күнү. Башка жок. Адашып жатасыз. Мен мисалы, сиз айткан викилерден тышкары дээрлик ар бир тил бөлүмүдөрүнүн башкы барактарын карап чыккам. Кээ бирлерде соц тармактарга шилтеме баннерде жайгаштырылган, башкаларда майрам менен куттуктоо баннерлери. Кээ бир викилерде логотип мамлекеттин түстөрүнө боюлуп турат (себепсиз). Ошондой эле, сиз орус викини келтирип жатасыз. Биз орус википедияда эмеспиз. ЖЕҢИШ майрамы менен куттуктоо бул аябагындай маанилүү. Bosogo (баарлашуу) 10:56, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)
Айбек мырза, биз экөөбүз көчөдө ойноп жүргөн жаш бала эмеспиз да, сураныч терминдик сөздөрдү туура колдонойлу... Мен адашпай эле, келтирип жаткандардын баары анын ичинде Орус тилиндеги Википедия жөнүндө жазганым дагы мисал катарында. Эгер сиз жалгыз эле маанилүү майрам, жеңиш майрамы десеңиз, баары үчүн жалгыз эле болуп калбайт да, арабызда башка майрамдарды да маанилүү деп эсептегендер бар. тең салмак болуу үчүн аларды да куттуктоого туура келет. Мисалга алсак жакында 31-август (Эгемендүүлүк күнү). Мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү майрамдар толтура. Ал эми сиз ойлоп жаткан "жалгыз маанилүү майрам" сиздин жеке оюңуз. Чындыгында сиз менен кайым айтышуу оюм жок, болгону сунуш, кайрылуу гана жасадым. Мен билгенден, Кыргыз тил бөлүмүндө мындай куттуктоо жана банер болгон эмес, себеби: Мындай көрүнүштөргө каршы болушкан. менде келтирилген фактылар бар... Ишиңизге ийгилик Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 11:35, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)
@Абдырашит Сатылганов
Биринчиден, «Жеңиш» чоң тамгадан жазылат.
Экинчиден, сиз айткандай "мага эле" маанилүү болсо өлкөбүздө Өлбөс полктордун жүрүштөрү өтмөк эмес. Кыргызстандан 300 миң ашуун адам кеткен фронтко.
Үчүнчүдөн, "Жеңиш Күнү" - дээрлик бүткүл дүйнөлүк майрам. Мисалы, Европада аны 8-майда тосушат, постсоветтик өлкөлөрдө 9-майда. Ошондой эле 2-сентабрь күнү Экинчи дүйнөлүк согуштун бүтүшүн эскершет. Мунун мааниси - дүйнөлүк масштабтагы нацизм, фашизм менен тарыхтагы эң кандуу согушунда жеңүүнү, Жеңишти кандай кыйынчылык менен жеткенибизди жана мындай идеологиянын кайра түптөлбөшү үчүн унутпоо, миллиондогон маркумдарды эскерүү. Азыркы (заманбап) дүйнөбүз Экинчи дүйнөлүк согуштун негизинде түзүлгөн. Ошол эле Бирикке Улуттар Уюму 1945-жылы түптөлгөн. Андыктан, бул майрам бир улуттун майрамы эмес (Эгемендүүлүк күнү, кытайлык жаңы жыл), же бир конфессиянын (Курман Айт, Пасха ж.б.), же бир аймактын элдердин (Азияда жайылган Нооруз), же саясий көз караш менен байланыштуу эмес (Эмгек күнү ж.б.), ошол эле Жаңы жылды кээ бир мусулмандар майрамдашпайт. Жеңиш Күнү башка категорияда турат.
Төртүнчүдөн, "сиз айткан практика логотипти кооздоо менен гана чектелген. Мисалы: Мен..." Адашып жатасыз дегеним ушул жерден болгон. Анткени, мен жалпы Википедияны айтып жатсам (көп тил бөлүмдөрдүн негизине таянып), сиз мисал катары 4 эле тил бөлүмү келтирдиңиз. Балким ал 4 бөлүмдөрдө андай практика жок, бирок сиз алардын практикасын бардык Википедия кыймылына жайылттыңыз. Бул адашуу.
Бешинчиден, "Мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү майрамдар толтура" жогорудагы жазганыма кошумчалып коёюн: Википедия тил негизинде түзүлөт. Орус Википедиясы орусиялык экенин билдирбей, орус тилдүү экенин билдирет. Кыргыз Википедиясы да ушундай. Андыктан, айтканымдай Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү - бул биздин эле, жергиликтүү майрамыбыз. Ооба, сөз сүз аны мен кошпойт элемин. Анда эмнеге тең салмактуулуктын негизинде барбай 20-жыл башкы баракта Кыргызстандын туусунда тартылган түндүк болчу ? Бул кытайлык кыргыздарга тең салмактуу эмесго дейм. Эмнеге украин википедиясында логотип украинанын желегинин түстөрүнө боёлуп турат ? Кош стандарттар болбошу керек.
Негизи, формалдык жактан тил негизинде түзүлөт, бирок практикада башкача. Ага карабастан мен Ноорузду же Курман Айт майрамдарына карата банер илип жатамбы ? Жок. Жеңиш Күнү - башка категориядагы майрам. Кыргыз Википедиясынын жамааты андай майрамдарды Википедиянын алкагында белгилегенди укуктуу. Bosogo (баарлашуу) 12:28, 9 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Translation request түзөтүү

Hello.

Can you translate and upload the article ru:Конституция Азербайджанской Республики in Kyrgyz Wikipedia? It does not need to be long.

Yours sincerely, Multituberculata (баарлашуу) 14:47, 26 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Check your email түзөтүү

Hello! Please check your email. Thanks, Mehman 97 09:02, 11 июль 2022 (UTC)Жооп берүү

@Mehman97 Hello. I answered you) Bosogo (баарлашуу) 09:17, 11 июль 2022 (UTC)Жооп берүү
Again, please check your email. Thanks, --Mehman 97 17:41, 30 июль 2022 (UTC)Жооп берүү
@Mehman97 Hello. Thanks for the warning. The email that arrived on July 18 got into the "spam" section and I didn't receive a notification, so I hope it's not too late. Thanks. Bosogo (баарлашуу) 18:10, 30 июль 2022 (UTC)Жооп берүү
Don't worry, there's still time. --Mehman 97 22:47, 30 июль 2022 (UTC)Жооп берүү

Атуулуулар тек гана кыргыз тилинде түзөтүү

Саламатсызбы, менин оюум боюнча Германия тууралуу макаланы Немисстан деген атка өзгөртүү сунуштоом бар эле, себеби аны орустар Германия дегендиктен, биз алардын 30% сөздөрүн алганбыз, ушуга каршы чыгуум, жана кыргыз тилин тактоо, бирок алар өз мамлекетин Дойчленд деп аташат, уикипедияда биз Немисстан же Дойчленд деп өзгөртсөк жакшы болмок деп ойлойм, бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай? — Бул пикирди Lauriswift911 (баарлашуусалымы) калтырды. 01:20, 1-август (баш оона) 2022

@ Lauriswift911 Саламатчылык.

Википедия булактардын гана негизинде жазылат. Ошондой эле өлкөлөр тууралуу макалалардын аталыштары кыргыз тилдүү калкына эң белгилүү түрүндө берилет. Эгерде кыргыз тилиндеги ишенимдүү булактарда "немисстан" же "дойчланд" деген болсо анда андай колдонушун макалада белгилесек болот, бирок аталышын өзгөрткөнү укуктуу эмеспиз, анкени кыргыз тилдүү чөйрөдө эң белгилүү болгон "германия" варианты. Көчөдөн эч ким "дойчланд" же "немисстан" дебейт. Википедия энциклопедия болгондуктан анын маалыматы жалпыга жеткиликтүү болушу керек. Интернеттен эч ким "немисстанды" издебейт.--Bosogo (баарлашуу) 12:53, 1 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

@Lauriswift911 Саламатсызбы... Ишиңизге ийгиликтер болсун. Негизинен эле макаланын аталышы белгилүү болгон аталышына басым жасалат. Ошол эле учурда окуучуларды жана студенттерди эске алуу менен, алар окуп жаткан окуу китептериде (м: География) "Германия" - деп жазылган. Демек аталышын өзгөртүү негизсиз деп эсептейм. Дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе, сиз которуп жаткан макалаларда орфографиялык каталар бар жана кыска толук эмес болууда, которуп бүткөн соң, кайрадан окуп чыксаңыз... Түшүнүксүз, сөздүн айкалышпай жатканын байкайсыз. Макаланын санына караганда сапатына көңүл бурсак деген сунушум. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 13:42, 1 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Баарыбызды бириктирүү түзөтүү

Саламатсызбы, мен байкасам, Казак Уикипедиясында башкы бетте Казак Уикипедиясындагы администраторлор, жөнөкөй колдонуучулардын жазышуу тобу Телеграмда бар, жана ага баарын чакырышат, биз баарыбыз биргелешип иштесек, Кыргыз Уикипедиясын бат өнүктүрө алабыз деп эсептейм. Бул жерге «Абдырашит Сатылганов» жана башка колдонуучуларды чакыра аласызбы? Lauriswift911 (баарлашуу) 08:35, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Абдырашит Lauriswift911 (баарлашуу) 08:37, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Чагылган ой пикириңиз? Lauriswift911 (баарлашуу) 08:39, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Алманбет Жаңышев, Чагылган Жаңышев Lauriswift911 (баарлашуу) 08:44, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

 
@Lauriswift911, @Чагылган @Almanbet Janışev, @Samatq, @Kgbek, @Kmaksat, @Т.Чоротегин, @Adamboluu, @Элдин беги, @QECUB, @Aiylchy

Саламатсыздарбы. 11—14-август күндөрү "Викимания 2022" болгону жатат.
Жамаатыбыздын да жергиликтүү жолугушуусу пландалууда (толук маалымат кийинчерээк бул баракка жайгаштырылат). Bosogo (баарлашуу) 14:21, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)
Теманы таппай койдум. Вкиманияны талкуулаган барак кайсы жерде? Же телеграммда талкуулап жатабызбы? Википедияда жазышууну түшүнө албай жатам. Aiylchy (баарлашуу) 08:29, 12 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Сиз, ачасызбы телеграмда топту? Lauriswift911 (баарлашуу) 16:19, 2 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

1916 дагы жетисуу көтөрүлүүсү бул үркүн эмес, үркүнгө чейин, кайта макалы туура кылыңыз. Lauriswift911 (баарлашуу) 07:04, 4 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Туура. Негизи "Үркүн" деген түшүнүк элдин Кытайга болгон качуусу билдирет. Бирок, азыркы Үркүн деген макаласында 1916-жылкы көтөрүлүштүн кыргыз бөлүгү жана Үркүн тууралуу жазылган. Сиз түзгөн макала "Кыргыз көтүрүлүшү (1916)" ошол эле предмет тууралуу, бирок Жети-Суу аймагындагы көтөрүлүштү эле чагылдырат. Ошондо, макаланын аталышы туура эмес берилип калды, себеби кыргыз көтөрүлүшү Кыргызстандын түштүк аймактарында да болгон. Ошондой эле макалаңыз өтө чакан (аныктамасы гана берилген). Bosogo (баарлашуу) 08:43, 4 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

кыргыз жараандык согушу түзөтүү

Жок кылуунун себеби? Lauriswift911 (баарлашуу) 19:13, 4 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Мурдагы аталышын кайтарганым, жок кылуу эмес.--Bosogo (баарлашуу) 19:16, 4 Август (Баш оона) 2022 (UTC)
Return to the user page of "Bosogo/Архив/1".