Колдонуучу:Artelow/Али Бонго Ондимба

Али Бонго Ондимба
фр. Ali Bongo Ondimba
Али Бонго Ондимба
Али Бонго Ондимба. 2022-жыл.
Желек
Желек
Габондун президенти
желек
желек
16-октябрь 2009-жыл — 30-август 2023-жыл
Өкмөт башчысы: Поль Бийоге Мба (2009—2012)

Раймон Ндонг Сима (2012—2014)
Даниэль Она Ондо (2014—2016)
Франк Эммануэль Иссозе-Нгондет (2016—2019)
Жульен Нкоге Бекале (2019—2020)
Роз Кристьян Рапонда (2020—2023)
Ален Клод Билье Би Нзе (2023)

Вице-президент: Пьер-Клавер Муссаву (2017—2019)
Андан мурунку: Эль Хадж Омар Бонго Ондимба

Роза Франсина Рогомбе (м.а.)

Андан кийинки: Брис Клотер Олиги Нгема
Желек
Желек
Габондун 12-чи тышкы иштер министри
29-август 1989-жыл — 9-июнь 1991-жыл
Андан мурунку: Мартин Бонго
Андан кийинки: Паскалин Бонго Ондимба
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 9 -февраль 1959(1959-02-09) (65 жаш)
Туулган жери: Браззавиль , Конго Республикасы
Тукуму: Батеке
Атасы: Омар Бонго
Апасы: Пасьянс Дабани
Партиясы: Габондун демократиялык партиясы
Билими: Париж 1 Пантеон-Сорбонна университети
 
Сайты: presidence.ga


Али Бонго Ондимба (фр. Ali Bongo Ondimba, туулгандагы аты — Ален Бернард Бонго (фр. Alain Bernard Bongo, 1959-жылы 9-февралында Конго Республикасынын Браззавиль шаарында туулган) — Габондук саясатчы, 2009-жылдын 16-октябрынан 2023-жылдын 30-августуна чейин Габондун президенти[1][2][3], 1999-жылы Габондун коргоо министри, 1989-жылдан 1991-жылга чейин Габондун тышкы иштер министри[4].

1967-жылдан 2009-жылга чейин Габондун президенти болгон Омар Бонгонун уулу.

Өмүр баяны

түзөтүү

Балалык чагы

түзөтүү

1958-жылы Франциянын конституциялык референдумунун натыйжасында Француз Экватордук Африкасы жоюлуп, көз карандысыз Конго Республикасы пайда болгон мезгилде Браззавиль шаарында туулган[5].

Атасы Альберт Бернард Бонго (кийинчерээк Омар Бонго Ондимба деп атын өзгөрткөн), энеси Жозефин Кама (кийинчерээк Дабани Солитер деп атын өзгөрткөн).

Балалык жылдарын жана жаштыгын Францияда өткөргөн. 1977-1981 жылдары Сорбоннада юриспруденция багыты боюнча билим алган[6]. Кытайдагы Ухань университетинде докторлук даражасын алган[7]. 1977-жылы продюсер Чарльз Боббиттин колдоосу астында «A Brand New Man» аталышындагы музыкалык альбому жарык көргөн[8].

Саясаттагы карьерасы

түзөтүү

Габонго кайтып келгенден кийин бийликтеги Габондун демократиялык партиясынын мүчөсү болгон, ал эми 1983-жылы партиянын Борбордук Комитетининин курамына кирген. 1986-жылы сентябрда партиянын Политбюросунун мүчөсү болуп шайланган[9].

1989—1991 жылдары Габондун Тышкы иштер министри кызматын аткарган (35 жашка чыга элек жарандар министр боло албайт деген мыйзамды камтыган жаңы конституция кабыл алынгандан кийин бул кызматтан кетүүгө аргасыз болгон).

1990-жылдан тартып 1999-жылга чейин парламенттин депутаты болгон[9].

1999-жылы Коргоо министри кызматына дайындалган[9].

2001-жылы декабрда өткөн парламенттик шайлоодо, Улуттук Ассамблеяга Жогорку Огуэ провинциясынын демократиялык партиясынан талапкер катары шайланган[9].

2003-жылы Габондун демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган[9].

2005-жылы атасынын президенттик кампаниясынын координатору болгон.

Атасы, ошол учурдагы Габондун президенти Омар Бонго 2009-жылы 8-июнда испан ооруканаларынын биринде каза болгондон кийин, улутка кайрылуу жасап[10], маркум менен коштошуу аземинде негизги уюштуруучусу болгон[9].

2009-жылы 30-августа Габондо президенти Омар Бонго (Али Бонго Ондимбанын атасы) каза болгонуна байланыштуу президенттик шайлоо өтүп, шайлоого жыйырмага жакын талапкер катышкан. Бул шайлоодо Али Бонго Ондимба бийлик органдарынын расмий эмес колдосууна ээ болуп, шайлоо болгон күнү эле жеңишке жеткенин жарыялаган[11].

2009-жылдын 4-сентябрында Габондун Конституциялык соту Али Бонго Ондимбаны, президенттик шайлоодон жарандардын 41,7% добушун алыр жеңишке жетти деп билдирген. Габон мамлекттик телеканалдарынан Габондун Конституциялык соту расмий түрдө, Али Бонго Ондимбаны өлкөнүн жаңы президенти деп жарыялаган[12]. Президенттик кызматка киришүү аземи 2009-жылдын 16-октябрында болуп өткөн.

2016-жылдын августунда кезектеги президенттик шайлоодон Али Бонго Ондимба жеңип чыгып, кайрадан жаңы мөөнөткө президент болуп шайланган. Оппозициянын талапкери Жан Пин өзүнүн жеңишин жарыялап, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Сентябрдын башында Габондун борбор шаарында массалык баш аламандык болуп, парламенттин имараты өрттөлгөн. Али Бонго Ондимба кайрадан Конституциялык сотко кайрылып, сот анын жеңишин тастыктаган. Президенттик кызматка киришип жатып ант берүү аземи 2016-жылдын 27-сентябрында болгон.

2018-жылы Али Бонго Ондимба инсульт болуп[13], Сауд Арабиясында жана Мароккодо дарылынап жургөн учурларында коомчулуктун алдына чыкпай жана саясий суроолор боюнча чечимдерди кабыл алуудан четтеп калган. Инсульт болгондон соң, эң алгачкы жолу 2019-жылдын августунда эл алдына чыккан.

2019-жылдын 7-январында Габондун аскердик күчтөрүнүн өкүлдөрү бийликти басып алуу аракетин көрүп, бирок алар кармалышып жана соттолушкан[14].

2023-жылы 30-августа кезектеги президенттик шайлоодо кайрадан Али Бонго Ондимба жаңы мөөнөткө шайланган соң Габондун аскердик күчтөрү төңкөрүш жасап, президентти бийликтен четтетишкен[15][16][17].

Жеке жашоосу

түзөтүү

Сильвии Бонго Ондимба менен болгон никесинен бир кызы Малика Бонго Ондимба жана эки уулу Нуреддин Эдуард Бонго Валентин, Жалил Луис Бонго Валентин бар.

Экинчи жолу 1994-жылы Лос-Анжелестик американын жараны Инге Линн Коллинз Бонго менен никеге турган, бирок 2015-жылы расмий ажырашышкан[18].

Али Бонго Ондимба Габондо музыкант жана ырлардын автору катары дагы белгилүү.

Сыйлыктары

түзөтүү

Габондун Экватор жылдызы ордени жана Улуттук ардак ордени менен сыйланган[19][20].

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү