Колдон уруктандыруу, жасалмa куут — уруктандыруу үчүн жаныбарлардын жыныс клеткаларын жасалма жалгоо ыкмасы. Уруктануусу организмден сырткары өтүүчү балыктардын икрасы эркегинин уругу менен аралаштырылып, атайын инкубатордо өстүрүлөт. Уруктануусу организмдин өзүндө жүрүүчү сүт эмүүчүлөр менен куштарда урук (эякулят) атайын аспаптар менен ургаачысынын жыныс органдарына жиберилет. Колдон уруктандыруу мал чарбасында кеңири колдонулат. Бул ыкма аркылуу тукумунун сапаты текшерилген баалуу тукумдук малды көбүрөөк пайдаланууга болот (буканын бир жолку уругу менен 200 жана андан көп уй уруктандырылат); малдын тукумдук жана продукттуулук сапаты жакшырат; жугуштуу ылаңдар (вибриоз, трихомоноз жана башкалар) жана кысыр калуу азаят. Алгач С. Якоби (1765, Германия) Колдон уруктандыруу ыкмасын сунуш кылган. Колдон уруктандыруунун теориялык негизин жана ишке ашыруу принциптерин Советтик биолог И. И. Иванов иштеп чыккан. Колдон уруктандыруу 5 процессти камтыйт: тукумдук малдын уругун алуу, анын сапатын баалоо, суюлтуу, сактоо жана ургаачы малдын жыныс органдарына салуу. Малдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша урук жыныс органына, жатынга, жатын оозундагы каналга, урук жылуучу түтүккө салынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү