Коллаборационизм (французча collaboration — кызматташтык) — куралдуу конфликт же согуштун жүрүшүндө өзүнүн мекенине зыян келтирген каршылаштары менен оккупацияланган мамлекеттин жарандарынын ыктыярдуу кызматташуусу. Көптөгөн мамлекеттерде Коллаборационизм аскер кылмышы катары каралат. Коллаборационизм түшүнүгү 19-кылымдын башталышында Наполеон согуштарынын мезгилинде пайда болуп, 2дүйнөлүк согуштун жылдарында кеңири колдонулган. Алгач 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Франция оккупацияланган мезгилде германиялык бийлик менен франциялык жарандардын кызматташуусу түшүндүрүлөт. Кийинчерээк Коллаборационизм германдыктар же япондуктар оккупациялаган европалык жана азиялык мамлекеттерде (Бельгия, Нидерланд, Норвегия, Кытай жана башкалар) да пайдаланылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде Коллаборационизм «оккупанттар менен кызматташуу» термини менен мүнөздөлөт. Коллаборационизм катары идеялык жактан совет бийлигине каршы тургандар, Советтик республикаларда улутчул багытты колдогондор, дезертирлер, колго түшкөндөр жана башкалар эсептелгенетикалык Чет өлкөлүк тарыхчылардын баасы боюнча Улуу Ата Мекендик согушта 1,5 млнго жакын Советтик жаран германиялык бийлик менен кызматташкан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин көптөгөн мамлекеттерде коллаборационисттер ар кандай репрессияларга кабылып, көрүнүктүү өкүлдөрү (Францияда П. Лаваль, Норвегияда В. Квислинг, СССРде А. А. Власов жана башкалар) өлүм жазасына тартылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү