Коллаж (французча eollaqe— сөзмө-сөз — жабыштыруу) — искусстводогу техникалык ыкма— кандайдыр бир материалга андан өңү жана фактурасы боюнча айырмалануучу материалды жабыштыруу; бул ыкма менен жасалган чыгарма да Коллаж деп аталат. Коллаж негизинен графикада чыгарманын фактурасынын көркөмдүгүн күчөтүү— ар түркүн материалдарды күтүүсүз айкалыштыруу максатында колдонулат. Коллажды кубизм-футуризм жана дадаизм өкүлдөрү жасалма эксперимент катары киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү