Колонкалуу бургулоо — тоо тектери тегерек алкак түрүндө бургуланып, колонканын ичинде керн болуп сакталуучу бургулоо. Мында тектердин талкаланган майда бөлүкчөлөрү насос менен жиберилген сууга аралашып, үңүлмөдөн агып чыгат. Бургулоодон пайда болгон керн түтүктүн ичинде, скважинанын тереңдигине жараша колонканы толтура берет. Кезеги келгенде кыпчыгыч менен керн бек кыпчылат да, колонканы өйдө көтөргөндө үзүлүп кетет. Аны сыртка чыгарып алат. Бургулоочу аспаптар атайын шаймандын жардамы менен иштейт. Көтөрөт, түшүрөт, айлантат, снаряддарды жылдырат. Колонкалуу бургулоо бек, катуу тектерди бургулоодо, кендерди чалгындоодо, Инженердик-геологиялык изилдөө иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү