Колориметр (латынча color — түс жана ...метрия) — түс өлчөөчү жана аны сан жагынан туюнтуучу курал. Колориметр визуалдуу жана фотоэлектрдик (объективдүү) деп бөлүнөт. Визуалдуу Колориметр көрүү талаасынын биринчи жарымында өлчөнүүчү түс, экинчи жарымында куралдын үч негизги түсүнүн (кызыл, жашыл, көк) аралашмасы жайгашкан түстөрдү теңдөө жолу менен өлчөйт. Түстү аныктоо аралашманын түстүк координаталарын өлчөө менен ишке ашырылат. Фотоэлектрдик Колориметрде өлчөнүүчү нурланууну талдоо жана түстүн координаталарын эсептөө менен автоматташтырылган түрдө ишке ашырылат. Түстөрдү жогорку тактыкта өлчөө спектроколориметрлерде жүргүзүлөт. Колориметр ар кандай тармактарда түрдүү материалдын жана продуктунун, жарык булагынын, жарык чыпкасынын, тележана кино сүрөттөлүштүн, полиграфиялык жана токуу продукциясынын жана ушундай сыяктуу түсүн көзөмөлдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү