КоминтернОш обл-нын Жаңы-Жол р-нундагы Караван айыл советине караштуу кыштак.

Фрунзе атн. к-здун аймагында. Райондун борб. Караван кыш-нан 2 км түн.-батыш тарапта, Шамалды-Сай т. ж. станциясынан 80 км.

1930-ж. негизделген. Калкы 1209 (1986); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенишет. Медпункт бар.