Коммерциялык банк – өнөржай менен сооданы кыска мөөнөттүү кредиттөөгө, ошондой эле жеке кардарларга банктык тейлөө кызматынын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүгө (күндөлүк эсеп иштерин жүргүзүү, коммерциялык, керектөө, ипотекалык карыз ж. б.) адистешкен банк. «К. б.» тарыхый аталгысы банк иши жаңы өнүгө баштаган мезгилде эле, башкача айтканда, банктар көбүнчө соода-сатык, товар алмашуу жана төлөм иштерин тейлей баштаганда эле пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү