Комплекс (латынча complexus – байланыш, айкалыш) – комбинаторика топологиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Комбинаторика топологиясында геометриялык фигураларды элементардык фигураларга бөлүп кароо негизги ролду ойнойт. Геометриялык фигураларды симплекстерден, б. а. 3 өлчөмдүү мейкиндиктеги чекиттерден, кесиндилерден, үч бурчтуктардан жана тетраэдрлерден турат деп кароо ыңгайлуу. Евклид (же гильберт) мейкиндигинде жайгашкан жана төмөнкүдөй касиетке ээ болгон кандайдыр бир симплекстердин чектүү көптүгү Комплекс болот; бул көптүктүн эки симплекси же алардын жалпы чекиттеринин тобу эки симплекстин жалпы граны боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү