Компромисс , саясатта (лат. compromissum) - карама-каршы, түрдүү пикирлердин, багыттардын ж.б. ортосундагы өз ара макул болуу жолу менен жетишилген келишим.

Практикалык, күндөлүк аң-сезимдин деңгээлинде Компромисс «алтын ортолук» позиция катары кабыл алынат. Саясий контекстте Компромисс термини биринчи жолу нидерланддык дворяндардын ортосунда 1566-ж. түзүлгөн келишимдин аты катары колдонулган. Ал ошол убакта Нидерланды башкарган испандыктарга, королдук укуктарга жана инквизицияга каршы болгон.

Саясаттагы Компромисс - саясий ишмердүүлүктүн субъекттеринин (мамлекет, партия, коомдук кыймыл, айрым инсандар ж.б.) ортосунда пайда болуучу карама-каршылыктарды чечүүнүн ыкмаларынын бири. Саясий Компромисске жетүү жолу менен каршылаш тараптар конфликттик кырдаалдардан (анын ичинде куралдуу күрөш мүнөзүндөгү) кутулуу же чыгууну көздөшөт. Саясий Компромисстин натыйжасында келип чыккан абалдын стабилдүүлүгүнүн даражасы карама-каршылыктардын тереңдиги жана келишкен тараптардын бири же бир нечеси үчүн пайда болгон залалдын (саясий, экономикалык, адеп-ахлактык ж.б.) кабыл алуу мүмкүндүгү менен аныкталат. Саясий Компромисс натыйжасында тараптар убактылуу келишимге, мөөнөтсүз же кандайдыр бир мөөнөткө эл аралык келишимди түзүүгө чейинки макулдашууларга жете алышат. Басым көрсөтүү, күч колдонуу, алдоо, шантаж жолу менен жетишилген саясий Компромисс кийин мажбур болгон тараптан юридикалык негизде жетишилген макулдуктун, келишимдин чын эмес деп таанылышына алып келет.

Компромисске жол издеген саясатчы дайыма пайда болгон кырдаалды тактык менен анализдейт, саясий толеранттуулукту көрсөтүү менен Компромисстин потенциалдык катышуучусу - саясий каршылашынын абалын ал тараптан, объективдүү баалоого аракет жасайт. Бул жол саясий Компромисстин алдын-ала турган милдеттүү шарты болуп саналат. Эл аралык деңгээлде түрдүү коллективдик чечимдерди консенсус жолу менен кабыл алууда саясий Компромисс маанилүү ролду ойнойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8