Компьютердик графика – XX кылымдын акыркы чейрегинде кеңири тараган электрондук графикалык техника; сүрөттөлүштөр компьютердин пультунда түзүлөт, алар динамикада, статикада жана экранда терилип жаткан учурунда көрсөтүлүп турат, ошондой эле принтерден кайра даяр түрдө басылып чыгат. К. г-нын артыкчылыгына жасалып жаткан нерсени дайыма көрүп, чакан оңдоп туруу мүмкүн­чүлүгү кирет. К. г-да сүрөттөлүштөр элементтерден терүү ыкмасы боюнча же жаңы көркөм сүрөт формалары менен саймаларын, алмашып туруучу раппорту бар орнаменттерди түзүү менен аткарылат. Түстүү графикада компьютер түстөрдү бөлүштүрө алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү