Конёнков Сергей Тимофеевич

Коненков, Сергей Тимофеевич‎»‎ барагынан багытталды)

Конёнков Сергей Тимофеевич (28 (10). 6 (7). 1874, Россия империясы, Смоленск губерниясы, Ельня уезди, Караковичи кыштагы – 9. 10. 1971, ССРС, Москва шаары) — орус совет скульптору, Лениндик сыйлыктын (1957), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1951) лауреаты. ССРС сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1954), СССР эл сүрөтчүсү (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964). Москвадагы живопись, ийчилик (ваяние), зодчийлик окуу жайында (1892–96) жана Петербург САда (1899–1902) окуган. «Искусство дүйнөсүнүн» экспоненти жана Орус сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Алгачкы чыгармаларында («Таш талкалоочу», коло, 1898, Третьяков галереясы; «Самсон», гипс, 1902, сакталбай калган) К. өз элинин оор турмушун, эркиндик үчүн күрөшүн туюнтууга аракет кылган. Москвада 1905-жылкы революцияга катышып, күрөшчүлөрдүн жалпыланган символикалуу портреттерин (“1905-жылдагы жумушчу-күрөшүүчү Иван Чуркин”, мрамор, 1906, СССР Революция музейи, Москва; “Атеист”, кумташ, 1906, Ф. В. Сычков атындагы Мордва сүрөт гал., Саранск) жараткан. 1900-жылдардын ортосунан С. Конёнков түзгөн фольклордук-жомоктук образдарды («Еруслан Лазаревич», 1913; Серпухов тарыхыйсүрөт музейи), байыркы жана Кайра жаралуу доорлорунун салтындагы телегейи тегиз адамдын жыгач тулкуларын, улуттук эстетикалык жана этикалык идеалды издөөгө байланышкан («Нике», мрамор, 1906, Третьяков галереясы) чыгармаларды жаратып, Бах, Паганини сыяктуу улуу адамдардын портреттерин сомдогон. Советтик монументтик скульптуранын башатында турган «Элдердин ынтымагы жана боордоштугу үчүн күрөштө курман болгондорго» мемориалдык тактанын автору, деген эстеликти ачууга В. И. Ленин катышкан (1918). Ал жараткан. Конёнков 1923–45-ж. АКШда жашаган. Конёнков негизинен портрет жанрында («А. М. Горький», коло, 1928, А. М. Горькийдин музейи, Москва; «И. П. Павлов», 1930; «Ф. М. Достоевский», 1933 – экөө тең гипс, Орус музейи; автопортрет, мрамор, 1954, Третьяков галереясы) иштеген. Кыргыз скульптору Т. Садыковдун чыгармачылыгына таасир берген. Лениндик сыйлыгы (1957), СССР мамлекеттик сыйлыгы (1951) лауреаты. Эки Ленин ордени жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү