Конрад Николай Иосифович

Конрад Николай Иосифович – (1. (13). 3. 1891, Россия империясы, Лифляндия губерниясы, Рига шаары– 30. 9. 1970, СССР, Москва шаары) – филолог, тарыхчы, орус чыгыш изилдөөчүсү, СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1938), академиги (1958). 1912-ж. Петербург университетинин чыгыш тилдер факультетин (кытай-япон бөлүмүн) бүтүргөн. 1922–38-жылдары Ленинград университетинин чыгыш таануу факультетинде, 1941-жылдан Москва чыгыш таануу институтунда Япон тили кафедрасын жетектеген. 1943жылдан өмүрүнүн акырына чейин СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда иштеген. Япония, Кытай, Корея, Орто Азия, Европа элдеринин тили, адабияты жа тарыхы боюнча 200дөн ашуун илимий эмгек жазган. «Япон улуттук адабий тилинин синтаксиси» (1937), «Кытай тили жөнүндө» (1952), Кытай менен Япониядагы адабий тил жөнүндө (1954) ж. б. изилдөөлөрү чыгыш лингвистикасынын, «Япон феодализминин маселелери» (1923), «Япон тарыхынын байыркы замандан Мейдзи төңкөрүшүнө чейинки очерки» (1934), «Тарых илиминдеги орто кылымдар доору» (1955) ж. б. эмгектери чыгыш тарыхынын орчундуу маселелерине арналган. Н. Конрад «Дүйнөлүк тарыхтын» Башкы редакциясына мүчө болуп, ага бир нече макала жазган. «Батыш менен Чыгыш» деген китеби (1966) япон, англис тилдерине которулган. «Япончо-орусча чоң сөздүгү» (1970) үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1972). Ал советтик япон таануу мектебин негиздеген. Эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Япония өкмөтүнүн 2-даражадагы «Таңдуу Күн» ордени менен сыйланган. Эмгектери: Японская литература в образцах и очерках, Л., 1927; М., 1991; Сантаксис японского национального литературного языка, М., 1937; Запад и Восток (2-изд.), М., 1972.

Колдонулган адабияттар түзөтүү