Консолидация (лат. сonsolido – бекемдейм) – 1) мыйзамдарды иретке салуу ыктарынын бири. К-нын максаты – ченемдик актылардын көптүгүн жоюу, аларды бир түргө келтирүү жана мыйзам түзүмүндө агымдагы укук чыгармачылыгынын жана кодификациялоонун ортосундагы олуттуу баскыч катары бир түрдүү ири блокторду түзүү. Ошол нерсе боюнча мурда чыгарылган бир нече мыйзамдарды алардын мазмунун маанилүү бир нерсеге өзгөртпөстөн жана бирдиктүү логикалык түзүлүшкө умтулуу менен бириктирилген мыйзам актылары консолидациялангандар деп аталат. Жаңыдан түзүлгөн консолидацияланган актынын түзүмүнө, эреже катары, белгилүү иреттүүлүктө жайгашкан өзүнчө бир профилдүү статьялар, бөлүмдөр, параграфтар кирет. «К» аталгысы көпчүлүгү англис укук эрежелеринде колдонулат; континентте тийиштүү мыйзам чыгаруу ишмердиги инкорпорация деп аталат; 2) жарандык укукта – пайдалануу укугунун токтошу менен ал менчик укугуна биригет (м.: менчик ээси узуфрукту мурастап калат); 3) каржы укугунда – мамлекеттик карыздарды башкаруу боюнча чаралардын бири; мурда чыгарылган зайымдардын аракет мөөнөттөрүн өзгөртүүдө турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү