Континент платформасы (Continental Shelf): Акыркы мезгилдерде деңиз аймагын ээлөө укугу жаатында жана эл аралык мамилелерде көп талкууланган бул түшүнүк эң биринчи II Дүйнөлүк согуштан кийин 1946-жылы АКШ министри Труман тарабынан сунуш кылынган.

Труман өлкөлөрдүн кара сууларынын ары жагындагы деңиз түбүндөгү байлыктарды колдонууга укуктуу экендигин айтуу менен бирге, бул деңиз түбүндөгү жерлерди континент платформасы деп атаган. АКШнын мындагы максаты Мексика булуңундагы нефть түйүндөрүн изилдөөгө киришүү болчу.

Бул тема кийинчерээк кайрадан илимий түрдө эл аралык форумда 1958-жылы Женевада болгон БУУнун Биринчи Деңиз Укуктары жөнүндөгү Конференциясында талкууга коюлган жана келишим түзүлгөн. Келишимде өлкөлөрдүн кара сууларынын жээктеринен баштап 200 метр тереңдикке чейинки деңиз түбүндөгү аймак континент платформасы болуп эсептелиши тууралуу айтылган. Демек, деңиздин кеңдиги эмес, тереңдиги карала баштаган. Континент платформасы аймактагы үстүнкү гана бетте эмес, анын түбүндөгү да жерлерди камтып калды.

Жогорудагы айтылган келишимге ылайык, континент платформасы эки өлкөнүн ортосунда кала турган болсо, аны бөлүштүрүү кайрадан эки өлкөнүн келишимине жараша болот. Келишим түзүлбөгөн болсо, анда эки өлкөнүн ортосундагы бул деңиздин ортосундагы меридиан сызыктарына карай бөлүштүрүлөт. Мындан сырткары бул келишим аралдардын да континент платформасы болуп эсептелбегендигин тастыктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9