Конья султандыгы (Иконий, Рум же Селжук султандыгы) – 11–14-кылымдарда Кичи Азиядагы феодалдык мамлекет. Султандыктын алгачкы борбору Никея, кийин Конья (Иконий) болгон. Конья султандыгы Византиянын Кичи Азиядагы жерлерин сельжуктардын басып алышы менен түзүлгөн. Ал Ала-ад-дин Кей-Кубад султан башкарган мезгилде (1219–36) өзгөчө гүлдөп, Конья, Кайсери, Сивас ж. б. шаарлары кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. 1243-жылдан Конья султандыгы Ирандагы моңгол илхандарынын вассалына айланган. 1307-ж. майда княздыктарга бөлүнүп, анын ичинде Осмон бийлиги (округ) 14-кылымдын башында түзүлгөн Осмон мамлекетинин негизи болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү