Коо – эки жагы бийик, ортосу чуңкур ой жер, аң. Түздүк-ойдуңдуу, бөксө тоолуу аймактарга таандык, нымды сүйүүчү өсүмдүктөр таралган. Жазында кар эриген кезде сууга толот. Коо эрозиялык процесстердин (кээде карсттык, эолдук, аралаш) таасиринен пайда болот. Бул түшүнүк геогр. аталыштардын курамында кеңири таралган: Сары-Коо (Панфилов рнундагы канал), Сары-Коо-Сай (Ат-Башы районундагы Орто-Суунун куймасы), Кара-Коо (Тоң, Кочкор райондорундагы тоолор, Ат-Башы районундагы суу, Тоң районундагы кыштак) ж. б.; Кочкор өрөөнү да мурда Кара-Коо аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү