Координаталар (математикада)

Координаталар (математикада) – тегиздикте, бетте же мейкиндикте чекиттин (вектордун) абалын аныктоочу сандар. Түз сызыктагы, тегиздиктеги, мейкиндиктеги чекиттин абалын аныктоочу шарттар жыйындысы Координаталар системасы деп аталат. Астрономиялык жана географиялык Координаталар – кеңдик жана узундук делинип пайдаланылган. 14-кылымда француз математиги Н. Орем Координаталарды тегиздикте график түзүү үчүн пайдаланган жана координата сызыктарын узундук жана кеңдик (азыркы абсцисса жана ордината) деп атаган. 17-кылымда Р. Декарт Координаталар методунун маанисин кеңири талдап, геометриялык маселелерди алгебра жана математикалык анализдин тилине которгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү